Психиатрия жана наркология тармактары жаңыланууга муктаж - министр

Ден соолук Загрузка... 01 Август 2025 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Психиатрия жана наркология тармактары жаңыланууга муктаж, - деди саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев психиатриялык жана наркологиялык жардам көрсөтүүгө адистештирилген мекемелерге иш сапар менен барган учурда.

Министр жумушчу сапарынын алкагында эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга жана жаңы мамлекеттик программаны даярдоого басым жасады. Ошондой эле Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын капиталдык оңдоп-түзөөсүн баштоо маселелери талкууланды.

Министр Республикалык психиатрия жана наркология борборуна барып, клиникалык бөлүмдөрдүн иши, бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар, кадр менен камсыздоо жана психиатриялык, наркологиялык жардамдын уюштурулушу менен таанышты. Өзгөчө көңүл соттук-психиатриялык экспертизага бурулду.

Эксперттер менен өткөн жумушчу жыйында нормативдик жөнгө салуу, эксперттик корутундулардын көз карандысыздыгы, кадр тартыштыгы жана эмгек шарттары боюнча маселелер талкууланды.

Андан соң министр Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканага барды. Жетекчиликтин маалыматына ылайык, стационарда учурда 319 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 53ү соттун чечими менен мажбурлап дарыланууда.

Министр бөлүмдөрдү кыдырып чыгып, материалдык-техникалык абалы менен таанышып, кызматкерлер жана бейтаптар менен сүйлөштү.