Бишкек, 09.09.25 /Кабар/. Кыргызстандын Профсоюздар федерациясы миллиондогон сомго барабар мүлкүн жана акцияларын уюмдун балансына кайтара баштады. Бул тууралуу Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мурадил Жумадилде уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Ал белгилегендей, быйыл федерация Кыргызстандын профсоюзунун түзүлгөндүгүнүн 120 жылдыгын белгилөөнү пландап жатат.
«Профсоюз кыймыл катары 1905-жылы түзүлгөн. Биз профсоюздун ишмердүүлүгүн 4 этапка бөлүүнү чечтик. Биринчи этап – 1905-жылдан 1907-жылга чейинки мезгил, экинчи этап – Советтик Союз учурундагы ишмердүүлүк, үчүнчү этап – көз карандысыздык алынгандан кийинки мезгил. Көз карандысыздыкка жеткенден бери 30 жылдан ашык убакыт өттү, анын ичинен 10 жыл ичинде көптөгөн башаламандыктар болуп, кезексиз жыйындар өткөрүлгөн. Ал эми төртүнчү этап – профсоюздун жаңылануу доору. Бүгүнкү күндө биз алдыдагы 5 жылга карата Өнүгүү планынын стратегиясын иштеп чыгып, делегаттарга сунуштадык», – деди жетекчи.
Жумадилде уулунун айтымында, эң чоң көйгөй мүлктөрдү инвентаризациялоо жана профсоюз мүчөлөрүн аныктоо болду.
"Учурда бул мүлк боюнча сот иштери жүрүп жатат. Бул бир нече жылга созулат. Бирок бизде мүлктөр, канчага жана кайда сатылганы боюнча толук маалыматыбыз бар. Айрым объектилер биздин баланска кайтарылып жатат. Бул Ысык-Көлдөгү 1 га жер, Чолпон-Ата шаарындагы 5 сотых жер тилкеси, Чолпон-Ата шаарындагы Аблот-4А көчөсүндөгү А. «Жалал-Абад» санаторийи, «Алтын-Бешик» лагери жана «Алтын Арашан» мекемеси, эң кызыгы, федерациянын Мбанктын үлүшү бар экенин билдик, мунун бардыгын тактап жатабыз, аны федерациянын балансына кайтарып жатабыз», - деп кошумчалады ал.