Профессор Курманали Матикеевдин китеби англис тилинде жарык көрдү

Коом Загрузка... 10 Июнь 2025 12:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ОшМУ

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин профессору Курманали Матикеевдин “Кыргыз улутунун тарыхый географиясы” аттуу жаңы китеби АКШнын Калифорния штатындагы Publishing Genie басмаканасында май айында англис тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Аталган эмгек азыркы Кыргызстандын аймагында жана анын чегинен тышкары тарыхый мамлекеттердин жана саясий түзүлүштөрдүн пайда болушунун жана кулашынын татаал тарыхына жаңыча көз карашты сунуштайт. Анда Борбор Азиядагы жана Алтай чөлкөмүндөгү бүгүнкү элдердин, анын ичинде кыргыздардын түптөлүшү географиялык анализге таянып чагылдырылган.

“Кыргыз улутунун тарыхый географиясы” китеби дүйнө жүзүндөгү көрүнүктүү окумуштуулардын олуттуу эмгектеринин катарында АКШнын Конгрессинин китепканасында сакталып турат.

Курманали Матикеев – илимдин доктору, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, насаатчы, бүткүл Кыргызстанга, Борбор Азияга жана Евразияга белгилүү болгон окумуштуу. Анын илимий кызыкчылыктары физикалык география жана тарыхый географияны айкалыштыруу менен кыргыз элинин маданий байлыгы болгон «Манас» эпосун тарыхый булак катары пайдаланып, ѳткѳн окуяларды талдоого басым жасайт.