Профессор Азиз Санжарга Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы тапшырылды

Коом 21 май 2025 18:01
499880551_1237084875092811_845818167195896162_n.jpg
495121601_1237085058426126_5196697121630317428_n.jpg
499603123_1237084998426132_7085326904315053074_n.jpg
499784660_1237084945092804_7771982215636162825_n.jpg
499805700_1237084835092815_1849373813092356789_n.jpg
499586336_1237084755092823_8854064348556999416_n.jpg
499480999_1237084668426165_2006418402359208481_n.jpg
499275347_1237084648426167_8420319852399611825_n.jpg
499718854_1237084625092836_684709267224139270_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Будапешт шаарында өткөн ТМУнун бейформал саммитине катышуунун алкагында Уюмдун төрагасы катары дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз - профессор Азиз Санжарга«Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгын тапшырды.

Садыр Жапаров сыйлык тапшырып жатып Азиз Санжар жөн гана окумуштуу эмес, ал илим жана түрдүү маданиятты байланыштырган көпүрө сыяктуу кызмат кылуунун үлгүсүнө айланганын белгиледи.

«Анын молекулярдык биологияга жана медицинага кошкон зор салымы жөн гана бир адамдын жетишкендиги эмес, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон окумуштуулар үчүн шыктануу болуп саналат», — деди мамлекет башчысы.

Ал Азиз Санжар биздин замандашыбыз жана улуу түрк элинин бир бөлүгү экенине сыймыктануу билдирди. Алишер Навои атындагы сыйлыктын ыйгарылышы –дүйнөлүк илимий коомчулукта түрк дүйнөсүнүн маданий жана интеллектуалдык элчиси катары кызматын баалоо болуп саналат.

Азиз Санжар ультрафиолет нурлануусунан жабыркаган ДНКны калыбына келтирүү механизмдери боюнча жасаган иштери менен белгилүү. Анын изилдөөлөрү картаюу процесстерин жана рактын өрчүшүн түшүнүү үчүн олуттуу мааниге ээ. Ал 400дөн ашык илимий макалалардын жана 33 китептин автору.

2015-жылы ДНКны калыбына келтирүү боюнча изилдөөсү үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгына татыган.

Алишер Навои атындагы биринчи эл аралык сыйлык 2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда өткөн ТМУ мамлекет башчыларынын он биринчи саммитинин алкагында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго каза болгондон кийин ыйгарылган.