Бишкек, 20.12.25. /Кабар/. Президенттин тапшырмасы менен Сокулуктагы өзгөчө балдар тарбияланган реабилитациялык борбор оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, балдар үйүнүн имараты 1940-жылы курулуп, андан бери толук оңдон-түзөөдөн өткөн эмес.
"Бүгүн президенттин атынан белектерди тапшырып, жаңы жылдык маанай тартууладык. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев балдар үйүнүн эски имаратынын ордуна жаңы имарат куруларын убадалады. Жакында имараттын долбоорун иштеп чыгып, жаз алды менен курулушка киришебиз деди", - деп жазды ал.