Президенттин тапшырмасы: Оштогу бардык курулуштар толук бүткөрүлөт

Аймак Загрузка... 17 Март 2026 15:50
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарындагы курулуш объекттери толугу менен бүткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн мэр Жанарбек Акаев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев шаардагы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчы ишкерлер менен жолугушту. Алар буга чейин көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилгендиги тууралуу маалымат беришти.

Нурдан Орунтаев шаардагы курулуш маселелери эки этап менен караларын белгиледи:

  1. Курулушу аяктаган 9 объект боюнча атайын комиссиянын корутундусуна ылайык акча каражаты бөлүнөт.
  2. Курулушу башталып, бирок токтоп калган 24 объект министрликтин карамагына өткөрүлүп, мыйзам чегинде иштери улантылат.

Ошондой эле өлкө башчысынын тапшырмасы менен Ош шаарында башталган курулуштардын бири да токтотулбай, мыйзамдуу негизде, сапаттуу бүткөрүлөрү камсыздалары белгиленди. Ишкерлердин чыгымдары жана курулуш иштерине керектелүүчү каржы республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан бөлүнө турган болду.

Жолугушуудан соң шаар мэри менен министр курулуш объекттерин текшерип чыгышты. Нурдан Орунтаев ишкерлерди кабатыр болбостон иштерди активдүү улантууга чакырды. Ар бир объект боюнча келишимдер мыйзамдуу негизде түзүлүп, иштин жүрүшү жеке көзөмөлүндө болорун тастыктады.