Президенттин Конституциялык сотко кайрылуусу кырдаалды укуктук талаада чечүү маданияты – эксперт

Пикир Загрузка... 18 Февраль 2026 17:24
2022-05-05_17-01-42.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Коомдук жана саясий ишмер, тарыхчы жана юрист Зайнидин Курманов "Кабар" агенттигине Конституциялык соттун президенттик ыйгарым укуктардын мөөнөтү боюнча чечимине карата пикирин билдирди.

"Бул саясий жактан да, юридикалык жактан да эң туура чечим болду. Маселе каралып, чечим чыгарылгандан кийин президенттик шайлоону өткөрүүнүн мөөнөттөрү боюнча суроого так жооп берилди. Шайлоо мурда белгиленген, эски Конституциядан жаңысына өтүүнү жөнгө салган атайын мыйзамдарда аныкталган мөөнөттө өтөт.
Мамлекет башчысы өлкөдө маселелер кандай чечилиши керектигин көрсөттү. Бул — каалагандай кырдаалды укуктук талаанын алкагында чечүү маданияты", - деп белгиледи Зайнидин Курманов.