Президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү БУУ менен кызматташтыкты арттырат

Аймак 19 сентябрь 2025 17:00
549455759_1329387178554734_3329677267557025832_n (1).jpg
550163361_1329386711888114_4034755226099085840_n.jpg
549243462_1329387171888068_8142799841910681912_n.jpg
549725670_1329386935221425_2407705064512878202_n.jpg
550210772_1329386638554788_4791479290721967126_n.jpg
548897007_1329386595221459_583682925754510041_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы координатору Антье Граве менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, аймактагы туруктуу тынчтыкты камсыздоо аракеттери жана БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондусунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар тынчтыкты чыңдоо үчүн маданий алакаларды жана жаштардын, аялдардын долбоорлорго катышуусун күчөтүү керектигин белгилешти.

Жетекчилер мындан ары дагы кызматташууга даяр экендиктерин айтышты.