Минкаб төрагасы: Президенттин башкы максаты – Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөтүү

Коом Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 16:55
2QKZ371734513873294.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Өлкө жетекчилигинин негизги максаты – Кыргызстанды өнүктүрүү жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуу. Ал эми президент Садыр Жапаров негизги процесстерди жеке көзөмөлдөп, келип түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп берип турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар подкастка" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы менен күн сайын талкууланган негизги маселелердин арасында өлкөнүн экономикалык өсүшү жана өнүгүүсү биринчи орунда турат.

"Президенттин башкы максаты – Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөтүү. Биз баарлашууларда көбүнчө ушул маселелерди талкуулайбыз. Кадрлар менен иштөө боюнча айта турган болсок, мамлекет башчысы бир жагынан катуу тартипти талап кылса, экинчи жагынан адамгерчиликти жана боорукерликти көрсөтөт. Бирок коррупциялык көрүнүштөр тууралуу сөз болгондо талаптар абдан катуу болот", – деди Касымалиев.

Минкаб төрагасы Садыр Жапаров өлкөдөгү кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп, маалыматтарды тиешелүү аткаруучуларга ыкчам жеткирип турарын белгиледи.

"Эгер кайсы бир жерде маселе же көйгөй жаралса, президент маалыматты дароо WhatsApp аркылуу тиешелүү министрликке же президенттин администрациясына жөнөтөт. Биз мындай кайрылуулар боюнча мүмкүн болушунча тез арада иштей баштайбыз. Айрым учурларда маселени ыкчам чечүү керек болсо, кээ бир учурда жарандарга колдоо көрсөтүү зарыл болот", – деп кошумчалады ал.

Касымалиев аткаруу бийлигинин ишиндеги негизги багыт – калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү экенин белгилеп, ушул максатта министрлер кабинети күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтты.