Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын бекитти.
Боршайкомдон билдиришкендей, чыгымдын жалпы сумма 1,2 млрд сомду түзөт.
Анын ичинен 646,56 млн сом 2026-жылга, 553,44 млн сом 2027-жылга каралган. Сметага кайра добуш берүүгө 240 млн сом жана чет өлкөлөрдөгү жарандардын добуш берүүсүн камсыз кылууга 53,2 млн сом киргизилген.
"Шайлоону өткөрүү үчүн 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын иши каржыланат. Анын ичинде чет өлкөлөрдөгү жарандар үчүн 100, аралыктан добуш берүү үчүн 40 кошумча участок камтылган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, участкалык шайлоо комиссияларында 26 819 адам иштейт. Алардын арасында автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдүн жана идентификациялоо системаларынын операторлору да бар.