Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат

Коом 25 сентябрь 2026 16:25
Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Азырынча президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөр каттала элек. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, каалоочулар өз талапкерлигин 13-ноябрга чейин көрсөтө алышат.

“Шайлоо алдындагы үгүт иштери шайлоого 35 күн калганда, атап айтканда, 23-декабрдан тарта башталат”,-деди төрага.