Президенттик шайлоо: Каалоочулар талапкерлигин көрсөтүп баштаса болот – БШК

Коом 25 сентябрь 2026 15:45
Президенттик шайлоо: Каалоочулар талапкерлигин көрсөтүп баштаса болот – БШК
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Президенттик шайлоого катышууну каалагандар талапкерлигин көрсөтө баштай алат. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, БШКнын отурумунда шайлоону өткөрүүгө байланыштуу негизги уюштуруу маселелери каралып, чыгымдардын сметасы жана календардык план бекитилди.

“Азыркы учурдан тартып каалоочулар өз талапкерлигин көрсөтө алышат. Ал үчүн шайлоо фондун ачып, 1 млн сом өлчөмүндө төлөмдү төгүшү керек. Андан кийин тиешелүү документтерин тапшыра берет”, — деди Шайназаров.

Анын маалыматына ылайык, талапкер 35 жаштан жогору болушу, Кыргызстандын жараны жана өлкөдө кеминде 15 жыл туруктуу жашаган болушу керек. Ошондой эле мамлекеттик тилди билиши жана соттолбогон болушу талап кылынат.

Ошондой эле Шайназаров белгилегендей, 1 млн сомду түзгөн төлөм мамлекеттин бюджетине кеткендиктен, акча кайра кайтарылбайт.