Мамлекеттик сапарлар жана Formula 1 H2O: Ысык-Көлдө унаа кыймылы чектелет

Аймак 28 июль 2026 17:15
Мамлекеттик сапарлар жана Formula 1 H2O: Ысык-Көлдө унаа кыймылы чектелет
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 30-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көл облусундагы айрым унаа жолдорунда убактылуу кыймыл чектөөлөрү киргизилерин билдирди.

Чектөөлөр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин мамлекеттик сапарларына жана "Борбор Азия – Азербайжан" саммитинин, ошондой эле Formula 1 H2O Кыргызстандын Гран-при – Issyk-Kul 2026 эл аралык мелдешинин өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилмекчи.

Тактап айтканда, төмөнкү жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр болот:

  • "Тамчы" эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки унаа жолу;
  • Балыкчы – Ананьево – Каракол (Ысык-Көлдүн түндүк жээги) унаа жолу, анда кыймыл маал-маалы менен токтотулуп турат.

Белгиленгендей, айдоочулар жана тургундар киргизилип жаткан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга чакырылат.