Бишкек, 22.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта Бишкек шаарындагы “Ырыс Ордо” Конгресс-холлунун расмий ачылышына даярдык көрүү иштери менен таанышып чыкты.
Комплекс 14,7 га аянтта жайгашып, анын курамына борбордук имарат жана расмий делегацияларды, жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга арналган сегиз мейман үйү кирет.
Конгресс-холл эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги заманбап комплекс болуп саналат.
Мамлекет башчысы комплекстин алдыдагы расмий иш-чараларды өткөрүүдө пайдаланылуучу негизги функционалдык аймактарынын жана бөлмөлөрүнүн даярдыгы менен таанышты.
Борбордук имаратта 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкет залы жана 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар каралган.
Президент Садыр Жапаров аткарылган иштердин сапатына жогору баа берип, объекттин алдыдагы ачылышка даярдык деңгээлине канааттанганын билдирди.
Сапардын жүрүшүндө ал расмий делегациялардын башчылары үчүн каралган мейман үйлөрүн да көрүп чыкты. Анда жогорку даражалуу коноктордун жайлуу эс алуусу, иш жолугушууларын жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.
Мейман үйлөрүндө жашоо жана иш бөлмөлөрү, жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар, ошондой эле эс алуу зоналары бар.
Мамлекет башчысы алдыдагы иш-чараларды сапаттуу уюштуруунун, бардык тиешелүү кызматтардын биргелешип жана так иш алып баруусунун, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялар үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Белгилей кетсек, “Ырыс Ордо” Конгресс-холлунун расмий ачылышы 24-августта өтөт.