Президент улуттук кызыкчылыктарды коргоодо саясий эркин көрсөттү - Жекшенкулов

Пикир Загрузка... 24 Сентябрь 2025 16:00
552811709_134678254.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоодо саясий эрк жана чечкиндүүлүк көрсөттү. Мындай пикирин мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов "Кабар" агенттигине билдирди. Дипломат мамлекет башчы башкалар айтпаган нерселерди ачык айтканына токтолду.

Садыр Жапаровдун сөзү Кыргызстандын так позициясы бар экенин, саясий эркин көрсөтө аларын жана эл аралык аренада өз кызыкчылыктарын коргоого даяр экенин көрсөттү.

Президентибиздин бир тараптуу санкциялар тууралуу айткандарын башка көптөгөн лидерлер азырынча айтууга батына алышкан жок. Андан тышкары, мамлекет башчысы үчүнчү өлкөлөр Кыргызстандын негизги өнөктөштөр менен болгон экономикалык жана соода мамилелеринин өнүгүшүнө таасир этүүгө аракет кылбашы керектигин билдирди. Бул ички ишке кийлигишүү. Биздин республика кош стандарттуу жана бүдөмүк мамилелерди кабыл албайт.

Палестина маселеси, ошондой эле Иранга, Катарга, Ливанга жана Сирияга жасалган соккуларга карата өтө принциптүү мамиле көрсөтүлдү. Бул көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн саясатчылары жана дипломаттары байкабаганга аракет кылган реалдуу маалыматтарга негизделген объективдүү баалоолорго негизделген позиция. Садыр Жапаров Газадагы бомбалоолорду жана операцияларды геноцид деп атады. Он миңдеген карапайым тургундардын өлүмү менен коштолгон секторду басып алуу боюнча аскердик операция уланып жатканын эч ким тана албайт.

Бул Афганистанга да тиешелүү. Бүгүн Афганистан ачарчылыктын алдында турат, тоталдык жакырчылык өкүм сүрүүдө, анын чет элдик банктарда сакталган валюталык резервдерин тартып алышты. Гуманисттер менен моралисттер бул боюнча үн катышпайт. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун сөзү узакка эсте калат жана дагы талкууланат» - деп белгиледи Аликбек Жекшенкулов.