Президент убадасын аткарып, бизди мекенге алып келди – Омандан келген жарандар

Коом Загрузка... 06 Март 2026 10:30
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Президент убадасын аткарып, бизди мекенге алып келди. Бул тууралуу Омандан келген кыргызстандыктар билдиришти.

Алардын айтымында, учак 28-февралда Бишкекке уча албай кармалып калган. Өлкө жетекчисинин тапшырмасы менен чет мамлекетте калып кеткен жарандар аман-эсен өлкөгө келип алышты.

“Биз Шаржадан 28-февралда учушубуз керек болчу. Биз учак учпай келе албай калдык. Ал жактан коркуп, кайгырып, каттамды күтүп жаттык. Президенттин 300дөй киши алып кетебиз дегенин уктук, удабасын аткарды. Биз ыраазыбыз, жакшы келип алдык. Учактан баарыбызга тамак-аш да уюштурулду. Учак менен улгайган адамдар, балалуулар абдан көп келишти”, - дешти жарандар.