Президент жаратылышты тазалаган ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди

Коом 8 октябрь 2025 16:36
559726955_24643203271987915_4633186574286220722_n.jpg
557643945_24643203285321247_5209624741779552324_n.jpg
558018480_24643203671987875_2950502427726041172_n.jpg
558433404_24643205451987697_3832016814349595823_n.jpg
558850333_24643203935321182_4747422055568529378_n.jpg
558870236_24643205158654393_6314228513565837093_n.jpg
558884050_24643204701987772_7259269583429045697_n.jpg
558912236_24643204778654431_6669926323619880636_n.jpg
559298671_24643203608654548_5367881288412983720_n.jpg
559534831_24643204148654494_6069520459457699317_n.jpg
560666836_24643203865321189_5858441404555146920_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун атынан кайрымдуулук жана ыктыярдык ишмердүүлүгү үчүн "Солнце в ладошках" аттуу үй-бүлөнү, эне жана баланы колдоо коомдук фондуна ыраазычылык билдирдим, - деп жазды президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына.

Анын айтымында, президент жакында эле дем алыш күндөрдүн биринде тоого болгон сапарында аталган фонддун өкүлдөрү таштандыларды тазалап, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үлгү көрсөтүп жатышканына күбө болгон.

"Бул көңүл сыртында калган жок. Мамлекет башчысы жаратылышты терең урматтаган жана жарандарды өз жерин сүйүүгө, тазалыкты сактоого жана өзгөрүүлөрдү жеке өзүнөн баштоого үндөп келген адам катары, мындай аракетти өзгөчө жылуу сезим менен белгиледи.

Бул Мекенге болгон чыныгы сүйүү сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да көргөзүлөрүн далилдеп турат. Дал ушундай чын ыкластуу жана кайдыгер эмес адамдардан Кыргызстандын күчү жана келечеги куралат.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча бүгүн ыраазычылык кат тапшырдым. Бул - алардын эмгеги, кайдыгер эместиги жана баарыбызды бириктирген баалуулуктарга болгон берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирүүнүн белгиси.

Мындай мисал башкаларга дем берет. Ошондой эле жаратылышка жалпыбыздын камкордугубуз өлкөбүздүн гүлдөгөн келечегине кошкон салымыбыз болот деп ишенем.

Фонддун негизги ишмердүүлүгү – ар кандай оор илдеттерден жабыркаган кичинекей балдарга жардам берүү.

Ошол эле учурда фонддун өкүлдөрү негизги ишинен тышкары, бош убактыларында жаратылыш парктарында ишембиликтерди өткөрүп, адамдарга жардам берүү жана табиятка кам көрүү – жашоого карата боорукер жана жоопкерчиликтүү мамиленин ажырагыс бөлүгү экенин өздөрүнүн мисалында көрсөтүшөт", - деп жазды Алагөзов.