Президент: Сыйлык – элге эмгеги сиңгендерге карата мамлекеттин жогорку урматы

Президент 14 сентябрь 2026 13:10
809844892_28204236352551238_8110929920990863146_n (1).jpg
809844895_28204236362551237_2964481601346778496_n.jpg
809602423_28204236749217865_1477607857212277603_n.jpg
809602429_28204236622551211_8015611487226444367_n.jpg
Алдыга
Артка
809844892_28204236352551238_8110929920990863146_n (1).jpg
809844895_28204236362551237_2964481601346778496_n.jpg
809602423_28204236749217865_1477607857212277603_n.jpg
809602429_28204236622551211_8015611487226444367_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда кесиптик ишмердигинде олуттуу натыйжаларга жетишкен, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө салым кошкон жарандарга, ошондой эле Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөсүнө жана өз ишине чын жүрөктөн берилген адамдар ак ниет эмгеги менен мамлекетти чыңдап, ар түрдүү тармактарда жогорку натыйжаларга жетишип, жаңы интеллектуалдык жана руханий баалуулуктарды жаратып жатканына токтолду.

“Мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, рухий-адеп-ахлактык тарбия берүүдө, улуттук биримдикти бекемдөөдө, тигил же бул тармактын өнүгүшүнө салым кошууда өзгөчөлөнгөн мыктыларыбыздын мээнети сөзсүз бааланышы абзел. Мамлекеттик сыйлыктардын түпкү философиясы да мына ушунда. Сыйлык – бул элге эмгеги сиңген, иштерман инсандарына карата мамлекеттин эң жогорку урматы жана ыраазычылыгы!” - деди президент.

Ал адилеттүүлүктү, калыстыкты жана ачык-айкындыкты орнотууга багытталган тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкканын эске салды. Жогорку Кеңеште кылдат талкууланып, электен өтүп кабыл алынгандан кийин мамлекет башчысы кол койгон.

“Мыйзам аркылуу сыйлык берүү системасы жаңыртылып, мамлекеттик сыйлыктардын кадыр-баркын, аброюн көтөрүүгө далалат кылдык. Жаңы мыйзамге ылайык, сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын салмагы артты. Эми сыйлык чындап татыктуу адамга гана берилиши керек деген принцип катуу кармалышы кажет”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Сыйлык алгандардын арасында көп жылдар бою өз ишине берилүү менен эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келишкен ар түрдүү муундардын жана кесиптердин өкүлдөрү бар.

Мамлекет башчысы өзгөчө маданият жана искусство, илим жана билим берүү, журналистика, медицина жана башка тармактардын көрүнүктүү өкүлдөрүн атап, алар көп жылдык эмгеги менен Кыргызстандын даңкын чыгарып келгенин айтты.

Ал бүгүнкү күндө эле олуттуу ийгиликтерге жетишип, Кыргызстанды эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтүп жаткан жаш адистерге да өзгөчө токтолду. Президент белгилегендей, сыйлыкка татыган ар бир адамдын өмүр жолу жана кесиптик жолу өлкөнүн азыркы тарыхынын бир бөлүгү, ал эми өз ишине берилгендик жана ак ниет эмгек жогорку жарандык кызмат өтөөнүн үлгүсү болуп саналат.

Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров сыйлык алгандардын бай тажрыйбасы өсүп келе жаткан муун үчүн багыт болуп, Мекенге болгон сүйүүнү жана өз элине ак ниет кызмат кылууга умтулууну тарбиялоого өбөлгө түзүшү керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы жарандарды, өзгөчө жаштарды, сыйлык алгандардын татыктуу өмүр жолунан үлгү алууга жана элдин сыймыгына айланган, мамлекеттин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө өз салымын кошкон адамдардын эмгегин улантып, мамлекетти мындан ары да биргелешип чыңдоого чакырды.

“Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бирге басалы! Биримдигибиз бекем болсо, алдыга койгон улуу максаттарга сөзсүз жетебиз!”, - деп баса белгиледи президент.