Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Күн мурун Биринчи май райондук соту Атамбаевге жана башка бир катар адамдарга козголгон иштерди бириктирип карап, өз чечимин чыгарды.
“Кабар” маалымат агенттигине аналитик, серепчи Тимур Саралаев президент соттун чечимине эч кандай таасир эте албай турганын, мунапыс гана берүүгө укугу бар экенин маегинде белгилегенин билдирди.
“Кыргызстанда бийлик бутактары өз өзүнчө. Мисалы, сот бийлиги президентке баш ийбейт, аткаруу бийлигине баш ийбейт. Ошондуктан өлкө башчысы Садыр Жапаров туура баса белгиледи. “Мен президент болсом дагы, сотко эч кандай таасир эте албайм, алардын чечимин кандай болсо дагы кабыл алышыбыз керек”, деп айтты. Сот чечими кечээ чыккандан кийин Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев “бул саясий себептердин негизиндеги чечим болду” деп айтып жатат. Ал боюнча да президент туура айтты. “Биринчи гана инстанция, кааласаңар ал инстанциядан кийин Жогорку сот бар, ошолорго да кайрылсаңар болот”, деп түшүндүрмө да берди.
Мындан тышкары, Атамбаевге карата сот өкүмү боюнча айта турган эң маанилүү нерсе, президент өз укугу боюнча да баса белгилеп, кайрылышса мунапыс гана бере ала тургандыгын айтты. Бул маегинде мамлекет башчынын адамгерчилик жагын дагы белгилеп кетиш керек, анткени ал соттор деле катуу кетпесе болмок, балким пробация же айып пул менен дагы чектелсе деп айттадыбы. 7-8 жыл бул көп убакыт да. Ошондуктан президент бир четинен адам, жаран катары пикирин айтып өттү. Атамбаевдин тарапташтары соттун чечими боюнча мунапыс сурап президентке кайрылабы же кайрылбайбы аны убакыт көрсөтөт. Менин оюмча, бул биринчи эле инстанция болуп жатпайбы, дагы шаардык сот, Жогорку сот бар. Бул дагы жарым жылдан бир жылга чейин убакытты алып коет болушу керек. Көлөмү жагынан да чоң болгондуктан, убакыт талап кылынат да”, - деди ал.
Ошондой эле Тимур Саралаев президент коомчулукка Бакиевди алып келүүгө кызыкдар эмес экендигин айтканы, демек бул маселе толугу менен жабылды дегенди билдирерин кошумчалады.
“Кайсы бир саясий күчтөр, кызыкдар тараптар Курманбек Бакиевди азыркы бийлик алып келгени жатат, булар ошолор менен сүйлөшүп алышкан деп ар түрдүү божомолдорду, өзгөчө соцтармактарда билдирүү кылып айтып келишкен да. Президент бул боюнча да пикирин айтып, чекит койду. Бул коомчулукка маселе жабылды деген белги. "Бакиевдерди алып келүү боюнча эч кандай кызыкчылыгым жок" деп баса белгилеп кетти президент”, - деп айтты серепчи.