Президент шайлоо тууралуу. Татыктууларды шайлап алуу элдин колунда

Шайлоо Загрузка... 30 Сентябрь 2025 21:25
2041740558.jpg

Бишкек, 30.09.25 /Кабар/. Татыктууларды шайлап алуу эми мындан ары өз колуңуздарда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн түз эфирде элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

Анда ал 30-ноябрда боло турган мөөнөтүнөн эрте өткөрүлүп жаткан Жогорку Кеңештин шайлоосу тууралуу айтып жатып, “Өз балабыз деген түшүнүктөн да алыс болуңуздар. Чаткалдан Алайга, Алайдан Ат-Башы менен Каркырага барып койсо дагы баары өз балаңар. Биз баарыбыз бир эле элбиз.

Азыркы мыйзам боюнча ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Бир шайлоочу талапкерлердин бирөөнө гана добуш бере алат. Башкача айтканда бир шайлоочу – бир добуш”,-деп белгиледи.

Белгилей кетсек, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алып, президенттин жарлыгы менен кезектеги 8-чакырылыштын депутаттарын шайлоо күнү 30-ноябрга белгиленди.