Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Беларуска барат — Кабар

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Беларуска барат

Саясат 26 июнь 2025 07:06
1.jpg
509936120_1266316442169654_3322771861840813199_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
509936120_1266316442169654_3322771861840813199_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 26-27-июнда Беларусь президенти Александр Лукашенконун чакыруусу боюнча Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына жана IV Евразиялык экономикалык форумуна катышуу үчүн Минск шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

“Жыйынга Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын жана Бирликке байкоочу-мамлекеттердин башчылары, ошондой эле чакырылган ардактуу коноктордун катышуусу пландалууда.

Жогорку кеңештин күн тартибинде 14 маселенин каралышы мерчемделүүдө”, - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.