Президент парламентти өкмөт менен ынтымакта иш алып барууга чакырды

Президент Загрузка... 11 Март 2026 11:46
423537.jpg

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, депутаттарды өкмөт менен биргелешип иш алып барууга чакырды.

“Албетте, баары жипке тизгендей боло бербейт, кемчилик жок деп айтпайбыз. Өкмөт дагы ката кетирет, кемчиликтер болот. Алып келген мыйзамдарда мүчүлүштүктөр орун алышы мүмкүн. Андай кемчиликтер болсо, сиздер оңдоңуздар. Мыйзамдарды электен өткөрүп, оңдоп-түзөө сиздердин ишиңиздер. Кемчиликтер болсо, авторлорун чакырып талкууласаңыздар эле, бардыгы өз ордуна келет”, — деди мамлекет башчысы.