Президент: Өнүккөн Кыргызстанды түптөөдө жаштар бизге арка-бел болот деп ишенем

Президент 11 сентябрь 2026 10:30
Президент: Өнүккөн Кыргызстанды түптөөдө жаштар бизге арка-бел болот деп ишенем

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Биздин мүдөөбүз – билимдүү жаштардын катарын көбөйтүп, ар бир үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеним менен кароосуна шарт түзүп берүү менен өнүккөн Кыргызстанды түптөө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Эгемендүүлүк күнүнө арналган Мамлекеттик туу көтөрүү салтанаттуу аземинде билдирди.

Анын айтымында, ары сыймыктуу, ары мээнеттүү бул сапарда ар бир кыргыз жараны өз ордун билип, таза ниет менен эмгек кылып, жасалган иштерге калыс баа берип, мамлекетке кол кабыш кылганда гана мамлекет күчтүү болот.

“Айрыкча, азыркы жаш муун өнүккөн Кыргызстанды түптөө максаттыбызды ишке ашырууда бизге арка-бел болот деп бекем ишенем”,- деди Жапаров.

Президент келечектен үмүт арткан жаштарга карата Акелердин эң улуусу Карга акенин насыят кебин айта кетти.

Ошондой эле өз сөзүндө өлкөбүздүн келечеги кең, эгемендиктин баасын билген эл экенибизди белгиледи.

“Кыргызстаныбыздын келечеги кең! Анткени эгемендигибиздин баасы менен баркын билген элибиз, журтубуз бар. Мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер карабаган, отуна күйүп, суугуна тоңууга кайыл мекенчил жарандарыбыз көп. Нарк-насилин, каада-салтын сактаган жаштары арбын”,- деди президент.