Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу офицерлер жана сержанттар!
Урматтуу ардагерлер жана иш-чаранын жалпы катышуучулары!
Алгач баарыңыздарды Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Нарын жергесинде Нооруз майрамын белгилөө менен бирге, дагы бир жакшы жаңылыкка күбө болгону турабыз.
Бүгүн биз Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараттарын ачып, ишке берип жатабыз.
1983-жылдан бери эски имаратта иштеп келе жаткан Нарын шаардык ички иштер бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттерди бүгүнкү күнгө чейин колдон келишинче так аткарып келишти.
Мындан эки жыл мурда ички иштер министри Улан Омоканович мага сунуш киргизип, Нарын шаардык милициясынын ал-акыбалын түшүндүргөн эле.
Ошол замат тапшырма берип, өздүк курамга жана Нарын шаарынын коопсуздугун камсыз кылууга ыңгайлуу шарттарды түзүп, заманбап имаратты куруу үчүн бюджеттен акча-каражатын бөлдүрүп бергем.
Жыйынтыгында 1 жыл 7 айдын аралыгында мына ушундай заманбап 4 кабаттуу, 1 миң 500 чарчы метрди түзгөн, ичинде баардык шарты бар жаңы имарат курулуп, бүгүн сиздер менен чогуу ачканы турабыз.
Ошону менен бирге, бүгүнкү иш-чарада Ички иштер министрлигине тиешелүү дагы 26 объектини онлайн ачып, аларды дагы ишке киргизебиз.
Анын ичинде, Нарын облусунда мындан башка дагы 6 жерде, Ат-Башы жана Нарын райондорунда милициянын айылдык бөлүмчөлөрү ачылууда.
Жер-жерлерде жаңы ачылып жаткан “Айылдык бөлүмчөлөрдүн” өзгөчөлүгү -
бир жагында кызматкердин иш бөлмөсү болсо, экинчи жагында ошол эле кызматкер үй-бүлөсү менен жашоого бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, атайын долбоор менен курулган.
Кызматкерлер батирден-батирге көчүп же дагы башка турмуштук убаракерчилик тартпасын деп ушундай заманбап шарттарды түзүп бердик.
Мындай имараттар, бүгүн онлайн режимде Баткен, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында ачылып, ишке киргизилип жатат.
Бүгүн заман талабына ылайыкталып курулуган имараттардын ачылышы – бир эсе коомчулукта тартипти камсыздоого көрүлгөн камкордук болсо, бир эсе ошол тартип сакчыларына дем-күч берүү болуп саналат.
Себеби бул имараттардын ачылышы менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары бир кыйла жакшырып, элибизге ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүү жумуштары жаңы деңгээлге көтөрүлөт деп ишенем.
Азыркы тапта заманбап санарип доордун талаптарына жараша республикабыздын баардык аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо иштери күчөтүлгөн тартипте улантылууда.
Өлкөбүздүн бир дагы булуң-бурчун калтырбастан, видео-камераларды орнотуу жумуштары Ички иштер министрлиги тарабынан ыкчам ишке ашырылып жатат.
Баарыңыздарга белгилүү болгондой, акыркы 5 жылдан бери өлкөбүздүн аймактарындагы коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде жана мерчемдүү участоктордо 5 миңге чукул “көрүнбөгөн күзөтчүлөр” көз ирмебей, эң башкысы ката кетирбей иштеп келе жатышат.
Алар Ички иштер министрлигинин күнү-түнү тынымсыз иштеген Мониторинг борборлоруна туташтырылып, милициянын коомдук тартипти сактоо ыкчамдыгы дагы бир топ жакшырды.
Мурда кылмышкерлер караңгы түнгө, тар көчөлөргө же элдин көптүгүнө жашынып, колго илинбей, кутулуп кетишсе, бүгүнкү күндө санарип технологиянын жардамы менен
аларды өлкөнүн кайсы бурчунда болбосун качырбай, кармап келүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
Эми, буюрса, бардык жарандарыбыз коопсуздук – мамлекеттин тиреги экендигин жакшы түшүнүп, ички иштер министрлигине ишеними бекемделе баштады.
Ошентип, “Санарип милиция” системасына толугу менен өткөн Ички иштер министрлигинде элибиздин коопсуздугун камсыздоонун жаңы доору башталды. Ички иштер министрлиги “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке киргизип, жаңы көз караштагы заманбап санарип программаларды камтыган ыкчам жана сапаттуу коопсуздукка толугу менен өттү.
Ар бир мамлекеттин өнүгүүсү, биринчи кезекте өлкөдөгү туруктуулуктан жана коопсуздуктан көз каранды.
Эгер тартип жок болсо, демек өнүгүү дагы болбойт.
Мыйзам үстөмдүгү орногон жерге гана инвесторлор келет, чакан, орто жана ири ишкерлик өнүгүп, туризм тармагы жакшырып, элдин турмуш-тиричилиги оңолот.
Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери!
Акыркы беш жылдан бери, бүгүнкү имараттарды кошуп караганда Кыргыз милициясына жаркыраган, бардык мыкты шарттары бар, толугу менен санариптешкен 261 жаңы имаратты куруп, ишке бердик.
Мындай имараттар шаарлардын борборлоруна гана эмес, эң алыскы тоолуу райондордон баштап, жетүүгө кыйын болгон участокторго чейин курулду.
Жер-жерлерде жашап жаткан карапайым калкыбыздын коопсуздугун камсыздоо баарынан маанилүү экенин эсиңиздерге бекем түйүңүздөр!
Жогорку технологиялар менен камсыздалган имараттарда кызмат өтөп жатып, жарандарбызга дагы ошондой сапаттуу кызмат көрсөтүүгө милдеттүү экениңиздерди унутпаңыздар.
Мамлекет сиздерге кам көрүп, ишиңиздерге эң алдыңкы шарттарды түзгөн сайын, элибиздин коопсуздугу дагы ошончолук жакшырып, тартиптин жана туруктуулуктун күч-кубаты артып турушу зарыл!
Биз түзүп жаткан санарип система – кылмыштуулукка жана укук бузууларга коюлган тосмо, ишке берилип жаткан ар бир имарат – адилеттүүлүккө, ачык-айкындуулукка жана жаркын келечекке карай салынган жол деп билиңиздер.
Мамлекеттин чыныгы коопсуздугу - бул тек гана кагаз бетине кооз жазылган мыйзамдар же бийик трибуналарда айтылган жалындуу убадалар эмес.
Мамлекеттин чыныгы кубаты - ошол мыйзамдарды туура тескеп, элибизге ак менен караны айырмалап көрсөтүп, өз милдеттерин так аткарган баардык мамлекеттик органдардын күжүрмөн эмгегинде!
Ошондуктан элибизге ак кызматыңыздарды аябастан, чын ниетиңиздер менен кызмат өтөңүздөр!
Биз кубаттуу жаңы Кыргызстанды куруу жолундабыз.
Мына ушул жолдо – тартип, акыйкаттуулук жана калыстык абдан маанилүү!
Ошондуктан, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, элибизге сапаттуу кызмат көрсөтүүдө ишиңиздерге ийгиликтерди гана каалайм!
Жаңы ачылган имараттар мамлекетибиз үчүн кылымдар бою кызмат кылып, элибиздин бекем таянычына айлансын!
Жаңы имараттарыңар жайлуу болсун! Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат”.