Президент: Нарын – Баетов жана Баетов – Кош-Дөбө жолдору 1-2 жылда толук бүтөт

Президент Загрузка... 25 Июнь 2026 13:20
1552562964_large.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Ак-Талаа районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы беш жылда район боюнча 42,8 чакырым жолго асфальт төшөлсө, быйылкы жылдын аягына чейин 21,3 чакырым жолго асфальт басуу иштери пландалгандыгын билдирди.

"Бул үчүн атайын жол тармагына 5 техника алып бердик. Райондо эң эле көйгөйлүү делген, социалдык тармактарда айтылып келген Нарын – Баетов жана Баетов - Кош-Дөбө унаа жолдору Кудай буюрса, бир-эки жылда толук бүткөрүлөт”, - деди президент жана өлкө аймагында курулуш тармагы өнүгүүнүн башаты болуп жатканын кошумчалады.