Президент министрлерге кайрылып, парламент менен тыгыз иштешүүгө чакырды

Президент Загрузка... 17 Декабрь 2025 12:28
600368872_25268436776131225_6560823096696056993_n.jpg

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште министрлерге кайрылып, парламент менен тыгыз иштешүүгө чакырды.

Өлкө башчысынын айтымында, министрлер Жогорку Кеңешке көп чакырылат.

"Мен министрлерди күнү-түнү, керек болсо түн уйкусунан ойготуп иштеткен учурларым болот. Ал эми иш убагында чакырсам эле Жогорку Кеңештемин, фракция, комитет жыйынындамын дешет. Депутаттар мындан кийин маселелерди чечүүдө министрлердин орун басарлары, министрликтердин тиешелүү адистери менен иштешсеңиздер",-деди президент.

Ал ошондой эле министрлерге кайрылуу жасады.

"Министрлер сиздер дагы мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн парламент менен тыгыз жана сый мамиледе иштешесиңер деп ойлойм",-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.