Президент жаңы шайланган депутаттардын ант берүү аземине катышуу үчүн Жогорку Кеңешке келди

Президент Загрузка... 17 Декабрь 2025 10:04
WhatsApp Image 2025-12-17 at 10.16.32.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Азыркы учурда парламентте Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи башталды.

Иш-чарага катышуу үчүн президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке келди.

Саналуу мүнөттөрдөн кийин БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерди тапшырат.

Белгилей кетсек, бул жолку курамда шайланган эл өкүлдөрүнүн арасынан 50 депутат VII чакырылышта иштеген. Демек, азыркы жыйынтык боюнча 37 депутат парламентке биринчи жолу келди.