Президент: Өлкөбүздү экономикалык жактан күчтүү мамлекетке айландырууга багыт алдык

Президент 11 сентябрь 2026 23:12
Президент: Өлкөбүздү экономикалык жактан күчтүү мамлекетке айландырууга багыт алдык
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Көз карандысыздыктын 35 жылдыгына карата өлкөбүздө көлөмдүү иштер аткарылды, бүгүнкү курулуштар, жаңы жолдор, энергетикалык долбоорлор, мектептер, ооруканалар, турак жайлар жана өндүрүш ишканалары – баары бир максатка багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарында өлкөбүздүн Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз, өлкөбүздү экономикалык жактан күчтүү мамлекетке айландырууга багыт алдык.

“Буюрса, дагы чоң-чоң өзгөрүүлөр болот. Энергетикалык долбоорлор көбөйөт, жаңы жолдор, темир жолдор курулат. Өндүрүшүбүз өрүш алат, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү ыкчамдайт, натыйжада экспорттун көлөмү өсөт. Кудай буюрса, биз өнүгүүнүн жаңы этабына чыктык.

Эми кыргыз жарандары, ар-намыстуу туу туткан аруу элдин урпактары катары Жараткан берген ооматты, кел-кели келип турган Кыргызстандын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кармап калууга, жаратылышыбызга аяр мамиле жасоого, көчмөн ата-бабаларыбыз калтырган улуу мурасты аздектеп улап кетүүгө тийишпиз!”,- деди Садыр Жапаров.

Президент касиеттүү Талас жергесинде башталган жакшы иштер башка дубандарга да жугуштуу болуп, ийгиликтер улансын деген тилегин айтып өттү.

“Ар бир үй-бүлөгө бакубат турмуш, элибизге ынтымак, өлкөбүзгө тынчтык каалайм. Эгемен Кыргызстаныбыздын кырмызы туусу бийик желбирей берсин!”, - деди Садыр Жапаров.