Таласта майрамдык иш-чараларда 220 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү

Ден соолук 12 сентябрь 2026 19:21
IMG_2614.jpeg
IMG_2615.jpeg
IMG_2616.jpeg
IMG_2613.jpeg
IMG_2612.jpeg
IMG_2611.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_2614.jpeg
IMG_2615.jpeg
IMG_2616.jpeg
IMG_2613.jpeg
IMG_2612.jpeg
IMG_2611.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 12.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Талас облусунда медициналык коштоо күчөтүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, медициналык жардам көрсөтүүгө Бишкектен 4, облустан 8 тез жардам бригадасы тартылып, Талас шаарынын борбордук аянтында 3 медициналык пункт уюштурулду.

“11-сентябрга карата медициналык жардам алуу үчүн 220 адам кайрылып, алардын 12си балдар болгон. 16 бейтап кошумча текшерүү үчүн стационарга жөнөтүлгөнү менен, ооруканага жаткырууга муктаждык болгон эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кайрылуулардын негизги себептери кан басымдын жогорулашы, эс-учун жоготуу, КРВИ, баш оору, гастроэнтерит жана жаракаттар болду. Жалпысынан 3 жаракат алуу учуру катталып, анын биринде жаран аттан кулап жаракат алган. Медициналык бригадалар иш-чаралар аяктаганга чейин күчөтүлгөн режимде ишин улантууда.