Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: Таласта бир катар ири объектилер ачылды

Коом 12 сентябрь 2026 17:00
IMG_75_8O5TS1k.2e16d0ba.fill-1200x630.format-jpeg.jpegquality-65.jpg
IMG_3024.jpeg
9.jpg
7.jpg
IMG_3027 (1).jpeg
15.jpg
IMG_3008.jpeg
103662.jpg
3.jpg
bfbf08dd-f987-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
9.jpg
6.jpg
Алдыга
Артка
IMG_75_8O5TS1k.2e16d0ba.fill-1200x630.format-jpeg.jpegquality-65.jpg
IMG_3024.jpeg
9.jpg
7.jpg
IMG_3027 (1).jpeg
15.jpg
IMG_3008.jpeg
103662.jpg
3.jpg
bfbf08dd-f987-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
9.jpg
6.jpg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы Талас облусунда кеңири масштабда белгиленип, аймакта бир катар маанилүү социалдык жана инфраструктуралык объекттер пайдаланууга берилди. Объекттердин ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышып, алардын өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдөгү жана жергиликтүү калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөгү мааниси белгиленди.

Белгилей кетсек, Талас жергесинде өтүп жаткан Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатта өлкө боюнча 105 социалдык жана өнөр жай объектиси президент Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн режимде ачылды. Алардын арасында мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, заводдор жана фабрикалар сыяктуу социалдык жана өндүрүштүк объектилер бар. Жаңы объектилердин ишке кириши аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Мамлекет башчысы алгач Талас шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган мамлекеттик туу көтөрүү салтанатына катышты. Андан соң, мерчемделген социалдык жана башка объектилердин ачылыш аземдери өттү.

Талас шаарындагы борбордук мечит

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-сентябрда Талас шаарындагы борбордук мечиттин ачылыш аземине катышты. Борбордук мечит шаардагы ири руханий борборлордун бири болуп, жергиликтүү тургундар жана шаарга келген коноктор үчүн маанилүү жайга айланат. Төрт кабаттуу имарат бир учурда 4 миң 500 адамды кабыл алууга ылайыкталган. Мечитте кенен намаз окуу залдары, диний билим берүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын бөлмөлөр каралган.

Мамлекет башчысы мечитти кыдырып, анын жабдылышы менен таанышып, азем соңунда мечитте Куран окулду.

“Акылман” президенттик лицейи

Талас шаарында Ералхан Абилдаев атындагы “Акылман” президенттик лицейинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чара өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулуп, ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, бир катар министрлер, мамлекеттик ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Президент лицейдин ачылышында ата-энелер менен баарлашуу учурунда Кыргызстанда "Акылман" президенттик лицейинин филиалдары Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарында да куруларын билдирди.

Жаңы ачылган лицей миңге чукул окуучуга ылайыкталган. Ошондой эле билим берүү мекемесинин аймагында 168 орундуу заманбап жатакана каралган.

“Манас Ордо” комплекси реконструкциядан кийин

Президент ошондой эле Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин жаңы объектилеринин ачылыш аземине дагы катышты. Анда мамлекет башчысы “Манас Ордо” комплексин жаңылоо кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, улуттук духту, биримдикти жана муундардын байланышын бекемдөө үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.

Маалым болгондой, “Манас Ордо” комплекси тарыхы 1976-жылдан башталган өлкөдөгү маанилүү маданий-тарыхый жана руханий жайлардын бири болуп саналат. Дал ошол жылы Манастын күмбөзүнүн айланасында адабий-этнографиялык музей түзүлгөн. Ал эми 2001-жылы комплекске “улуттук” статус берилген. Учурда комплекстин аймагында масштабдуу оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, бир катар жаңы объектилер курулуп, айрымдары жаңыланды.

Бул акыркы 30 жыл ичиндеги комплексти жаңылоого багытталган алгачкы масштабдуу реконструкция болуп саналат. Комплексте Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына жана реконструкциядан кийин “Манас Ордонун” ачылышына арналган маданий программа уюштурулду.

КУУнун көп тармактуу институтунун окуу корпусу

Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземи мамлекет башчысынын катышуусунда өттү.

Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3 миң студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген.

Ачылыш аземде илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова президент Садыр Жапаровго жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпуста студенттер жана окутуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн маалымдады.

Ал жаңы корпустун ачылышы студенттердин билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүп, жогорку билим берүү системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгиледи.

"Баластан" балдар борбору эшигин ачты

Талас шаарында “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борбору ачылды. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашкан бул масштабдуу долбоор аймактын социалдык-экономикалык турмушуна чоң салым болот.

Жалпы аянты 6,5 гектарды ээлеген заманбап комплекс 9 корпустан турат. Долбоор толук кубаттуулукта ишке кирген соң 500гө жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болмокчу.

Шекердеги “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси

12-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды.

Комплекс улуу кыргыз жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын классиги, ойчул жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун мекени — Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында жайгашкан.

Президент белгилегендей, “Айтматов ааламы”улуу жазуучунун чыгармачылык жана руханий мурасын сактап, келечек муундарга жеткирүүгө, ошондой эле Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын кеңири жайылтууга багытталган. Ошондой эле Садыр Жапаров Айтматовдун ысымы Кыргызстандын символдорунун бири жана бүткүл адамзаттын баалуулугу экенин баса белгиледи.

Таластагы төө буурчакты кайра иштетүүчү завод

Президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына катышты.

Долбоорго 200 млн сом инвестиция салынып, ишкана жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Мында 100 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Президент ишкананын инфраструктурасы жана даяр продукциясы менен таанышып, технологиялык жабдууларды ишке киргизди.

Садыр Жапаровдун айтымында, айыл чарба продукциясын өлкө ичинде кайра иштетип, даяр продукцияга айландыруу өндүрүштү өнүктүрүүгө, дыйкандардын кирешесин көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.
Жумуш орундары көбөйүп, айлык акы өстү

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, Талас облусунда жаңы жумуш орундарын түзүүдө өсүш байкалууда. 2020-жылы облуста 1 миң 966 жаңы жумуш орду түзүлсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 10 миң 288ге жеткен.

“2025-жылы 8 миң 688 жаңы жумуш орду түзүлүп, 2026-жылдын январь-июнь айларында дагы 4 миң 374 жумуш орду пайда болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле облуста эмгек акынын көлөмү да өскөн. 2020-жылы орточо айлык акы 16 миң 156 сом болсо, 2025-жылы 37 миң 99 сомго жеткен. Ал эми 2026-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 50 миң 294 сомду түзгөн.

Талас облусунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата бир катар ири иштер аткарылып, аймак коомчулуктун көңүл борборунда болуп жатканын “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев билдирди.

“Эгемендүүлүк күнү бул ирет Таласта белгиленери айтылып, алдын ала бир топ курулуш иштери жүргүзүлдү. Бул келечекте чоң шаарлар гана эмес, биздин чакан шаарлар, аймактар да өнүгөт дегенден ишеним берет. Айрыкча, “Манас Ордо” комплексинин жаңыланганына абдан кубанып турам. Анткени, 1995-жылдан бери комплексте жакшы оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Мына ал да жаңыланып, президентибиз жаңы объектилердин ачылыш аземине катышууда. Өлкөбүзгө келген коноктор жана туристтер көрө турган, эс ала турган жайлар жаңыланып жатат.

Андан тышкары, ипотека аркылуу аймактарда, анын ичинде Таласта да көп кабаттуу үйлөр курулуп, жолдор оңдолуп, парктар ачылууда. Талас элеттик шартта калбастан, шаардык деңгээлге көтөрүлүп жатканына кубанычтамын. Андан тышкары, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын облустарында да абдан көп иштер аткарылып жатат. Ушунун бардыгы өлкөбүздүн өсүп-өнүгүп жатканынын белгиси”, — деди Эркебаев.

Белгилүү болгондой, соңку жылдары Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн аймактарда өткөрүү салтка айланды. Район жана облустарда Эгемендүүлүк майрамына карата ири социалдык, инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилер колдонууга берилип келет. Түрдүү тармактагы жаңы имараттардын, мектептердин, бала бакчалардын, жолдордун жана ишканалардын ачылышы аймактарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын турмуш шартын жакшыртууга багытталган.