Садыр Жапаров Кочкор районун өнүктүрүү программасы менен таанышты

Президент Загрузка... 23 Июнь 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Cапардын жүрүшүндө мамлекет башчысына Кочкор районунун акими Баялы Досалиев даярдаган презентация сунушталды. Иш-чарага ошондой эле жергиликтүү тургундар жана активисттер да катышты.

Презентацияда райондун өнүгүү программаларын ишке ашыруунун жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр, ошондой эле аймакты мындан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлор чагылдырылган.

Алсак, 2021-2025-жылдар аралыгында Кочкор районунда 17 социалдык объект ишке киргизилди, анын ичинде 8 мектеп, 4 бала бакча жана 5 спорт зал бар. Учурда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү иштери активдүү уланууда. 2026-жылга жалпы суммасы 5,9 млрд сомду түзгөн 30 объекттин курулушу жана дагы 6 объекттин капиталдык оңдоосу каралган.

Мындан тышкары, жол курулуш тармагында олуттуу жыйынтыктар жетишилди. Акыркы беш жылда райондун аймагында 116,6 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

Ирригациялык жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 2026-жылы Шамшы суу сактагычын пайдаланууга берүү пландалууда, ал райондун айыл чарба секторун суу ресурстары менен натыйжалуу камсыздоого өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда 4 айылда таза суу менен камсыздоо тутумдары курулуп жатат, ошондой эле дагы 8 калктуу конушту ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор даярдалды.

Райондун ири инвестициялык долбоорлорунун бири Орток айылында күн электр станциясынын курулушу болуп саналат. Долбоор “АСТ Империал Строй” ЖЧКсы тарабынан 455 гектар аянтта ишке ашырылууда. Инвестициянын жалпы көлөмү 250 млн АКШ долларын түзөт, ал эми станциянын долбоордук кубаттуулугу 325 мегаваттка жетет.

Жолугушууда мындан ары колдоого муктаж болгон бир катар актуалдуу маселелер да белгиленди. Алардын катарында муниципалдык коомдук транспорт сатып алуу, жаш адистерди кызматтык турак жай менен камсыздоо, Сары-Булак айыл өкмөтүнө административдик имарат куруу, Теңдик айылында спорт залынын курулушун бүткөрүү, район борборунун коллектордук-дренаждык тармагын калыбына келтирүү, ошондой эле Ормон-Хан айыл аймагында балдардын билим берүү борборун жана муниципалдык мончо куруу бар.

Өзгөчө көңүл келечектүү инвестициялык демилгелерге бурулду. Атап айтканда, инвесторлорго Чүй облусунун Шамшы айылынан Шамшы капчыгайы аркылуу Токмок шаарына чейин альтернативдик автожол куруу долбоору сунушталууда. Бул долбоорду ишке ашыруу Кочкор менен Токмоктун ортосундагы учурдагы аралыкты дээрлик эки эсеге – 125 чакырымдан 55-60 чакырымга чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жаңы транспорттук артерия акы төлөнүүчү жол катары колдонулушу мүмкүн жана келечекте Чүй облусунан Нарын облусуна магистралдык газ түтүгүн тартуу үчүн даяр коридор болуп калышы ыктымал.

Дагы бир келечектүү багыт Чоң-Туз кенинин базасында заманбап дарылоочу санаторий комплексин түзүү болуп саналат. Табигый туздун уникалдуу дарылоо касиеттери жана саламаттык сактоо туризмин өнүктүрүүнүн жогорку потенциалы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Инфраструктураны модернизациялоо жана заманбап комплекс куруу Чоң-Тузду өлкөдөгү алдыңкы санаторийлик-курорттук дарылоо борборлорунун бирине айлантууга мүмкүндүк берет.

Сунушталган долбоорлор менен таанышуунун жыйынтыгы боюнча президент Садыр Жапаров Кочкор районун мындан ары комплекстүү өнүктүрүүнүн, инфраструктуралык демилгелерди өз убагында ишке ашыруунун, инвестицияларды тартуунун жана аймактын тургундарынын бакубаттуулугун жогорулатуу менен туруктуу экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.