Президент күйүүчү майга болгон көз карандылыктан чыгуунун жолдорун айтты

Экономика 221 14 Август 2026 12:35
16e3efd7b34ad255138cb6d4aaa8e2c5_L.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде өлкөнүн күйүүчү майга болгон көз карандылыктан чыгуусунун жолдорун айтып берди.

Өлкө башчынын айтымында, учурда Кыргызстан керектеген күйүүчү майдын болжол менен 90 пайызы Россиядан алынат. Өлкөдө Кара-Балтадагы "Жунда" жана Жалал-Абаддагы "Кыргыз Петролеум Компани" ишканалары иштеп жатат, бирок алардын кубаттуулугу ички керектөөнү толук камсыз кылууга жетишсиз.

Президенттин маалыматына караганда, "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын модернизациялоого жалпысынан 400 млн долларга жакын каражат багытталууда. Анын 200 млн доллары мамлекет тарабынан, калган бөлүгү инвесторлор тарабынан каржыланат. Модернизациялоо иштери аяктагандан кийин 2028-жылы ишканада евростандартка жооп берген К5 үлгүсүндөгү бензин өндүрүлө баштайт.

"Жунда" заводунда да реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Ага Кытай тараптан 500 млн доллар бөлүнгөнү айтылды. Бул заводдо да модернизациялоо иштери 2028-жылы аяктап, К5 үлгүсүндөгү бензин өндүрүлө баштайт", - деди президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, бул эки завод модернизациялангандан кийин өлкөнүн түштүк жана түндүк аймактарынын керектөөсүнүн жарым бөлүгүн камсыздай алат. Калган керектөөнү жабуу үчүн Кемин районунда жана Ош же Жалал-Абад облустарында дагы эки мунай иштетүүчү завод куруу пландалууда.

Президент белгилегендей, мындай заводдордун курулушу Кыргызстанга күйүүчү май боюнча көз карандылыкты азайтууга шарт түзөт. Ошондой эле темир жол инфраструктурасы өнүксө, Түркмөнстан, Азербайжан жана Ирандан мунай алуу мүмкүнчүлүгү кеңеет.