Президент Көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыкты текшерди

Президент 22 Август 2026 22:58
IMG_6235.jpeg
IMG_6236.jpeg
IMG_6238.jpeg
IMG_6239.jpeg
IMG_6240.jpeg
IMG_6242.jpeg
IMG_6241.jpeg
IMG_6243.jpeg
IMG_6244.jpeg
IMG_6245.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6235.jpeg
IMG_6236.jpeg
IMG_6238.jpeg
IMG_6239.jpeg
IMG_6240.jpeg
IMG_6242.jpeg
IMG_6241.jpeg
IMG_6243.jpeg
IMG_6244.jpeg
IMG_6245.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.08.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта “Бишкек Арена” стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди, анын ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборун көрүп чыкты.

Даярдык иштеринин жүрүшүндө ачылыш аземин уюштурууга жана алдыдагы иш-чаранын катышуучулары менен коноктору үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында мамлекет башчысына алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулар катышып, спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат.