Президент Казарман ГЭСтер каскадынын курулушун баштап берди

Президент 630 25 Июнь 2026 18:20
730109601_27239535639021319_3965895093844959561_n.jpg
729390051_27239536862354530_446216932258803045_n.jpg
730069913_27239535695687980_6446806521227325935_n.jpg
732125749_27239536772354539_246261647766166512_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунда Казарман ГЭСтер каскадын курууга мезгил кутусун салды.

Мамлекет башчысы эл алдында сөз сүйлөп, Нарын дарыясынын гидроэнергетикалык потенциалы совет доорунда эле изилденгенин белгиледи.

"Ошондо эле Казарман ГЭСтер каскады Нарын дарыясында курула турган ири гидроэнергетикалык объектилердин бири катары каралган. Эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктардан улам долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болбой келген. Бүгүн биз мамлекеттин энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу жаатындагы иш-аракеттерибиздин бири катары дал ушул Казарман ГЭСтер каскадынын курулушун баштап жатабыз", - деди өлкө башчысы.