Президент: Казарман ГЭСтер каскады – өлкө тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири

Президент 1124 25 Июнь 2026 18:50
731350366_1088749856808009_7626679868375591037_n (1).jpg
729413372_984902707774800_3361666316428837725_n.jpg
729161203_2076719416593840_8991564442578579570_n.jpg
730413889_1014544290956468_8839848109047098737_n.jpg
729389828_1352142643679792_9161613725349490414_n.jpg
730473844_1642331420167615_1184733436973606018_n.jpg
729128171_1575040954212596_6774113757826519666_n.jpg
730732254_3262558400798441_3646014389867842926_n.jpg
730382036_1580507193499858_7784977436693954305_n.jpg
729467192_1653907112533996_37373467648450888_n.jpg
730332457_976624235200675_5586152411077334684_n.jpg
730354039_1568951111501767_6202436751317368063_n.jpg
729205150_2774050022975463_280125827592924084_n.jpg
730354379_1545030230745204_3899245061137789990_n.jpg
731350366_1088749856808009_7626679868375591037_n.jpg
729219599_4525879731070469_7808179312467916941_n.jpg
732269649_1883077069027103_2488658681497347210_n.jpg
731736331_1709684387032843_8004074627545287445_n.jpg
729179581_1325253759152572_6939740874508262531_n.jpg
729220015_2970751866600303_7559303709813085222_n.jpg
728243713_4104376813187254_1973536701545118702_n.jpg
729180091_2235947680508075_3084609535257383984_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунда Казарман ГЭСтер каскадын курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин жана өлкөбүз ушул байлыкты өз өнүгүүсүнө кызмат кылдыра турган жаңы доордун босогосунда турганын баса белгиледи.

“Республика боюнча жылына жүздөп ачылып жаткан өнөр жай ишканалары көп электр энергиясын талап кылат. Бизде ири завод-фабрикалар мындан ары дагы көп ачылат. Бул муктаждыкты ушундай ГЭСтер, күн жана шамал сыяктуу энергиянын кайра жаралуучу булактары камсыздайт”, — деди президент.

Ал Казарман ГЭСтер каскады Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болорун айтты. Ала-Буга, Кара-Булуң-1, Кара-Булуң-2 аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу 912 мегаваттты түзөт. Бул ГЭСтер каскадынын жылдык орточо электр энергиясын өндүрүү көлөмү 3,75 млрд киловатт-сааттан ашат. Инвестициянын көлөмү 3 млрд АКШ долларына жакын. Долбоор “Орто Азия Инвестмент Холдинг” ачык акционердик коому менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылат.

“Бүгүн пайдубалы түптөлүп жаткан Казарман ГЭСтер каскады долбоорун Кыргызстандын энергетикалык келечегин аныктаган стратегиялык объект катары карашыбыз керек. Ал ишке киргенде өлкөбүздүн энергетикалык дарамети жогорулап, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана келечек муундардын бакубат жашоосуна кызмат кылат деп ишенем”, — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле долбоорду ишке ашырууга инвестор катары катышкан Түркия Республикасынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Президент белгилегендей, Кыргызстан гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу менен энергетикалык көз карандысыздыгын ырааттуу бекемдеп жатат. Өлкө боюнча чакан жана орто гидроэлектр станциялары, күн жана шамал электр станциялары курулуп, ишке киргизилүүдө, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин стратегиялык долбоорун ишке ашыруу уланууда.

“Азыркы учурда Сары-Таш, Капчыгай чакан гидроэлектр станцияларын, кубаттуулугу 145,8 МВт түзгөн Чаткал ГЭСтер каскадын куруу боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Бул долбоорлор ишке ашып бүткөндөн кийин электр энергиясынын азыркы тартыштыгын жоюу багытына түшөбүз”, — деди мамлекет башчысы.

Ал акыркы беш жылда өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станциясы курулганын, учурда дагы 50гө жакын ГЭСтин курулушу жүрүп жатканын, ошондой эле күн жана шамал электр станцияларын куруу долбоорлору ишке ашырылып жатканын билдирди.

“Энергетиканы өнүктүрбөй туруп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу мүмкүн эмес. Өнөр жай ишканалары да, социалдык объектилер да ишенимдүү электр энергиясы жок иштей албайт. 2020-жылы биз бийликке келгенде, кыш мезгилинде өлкө болжол менен 3 млрд кВт-саат электр энергиясын импорттоп турган. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 4 млрд кВт-саатка чейин өстү. Жаңы гидроэлектр станциялардын, күн жана шамал электр станцияларынын курулушуна карабастан, электр энергиясына болгон суроо-талап жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпинен ашып кетүүдө. Акыркы үч жылдан бери жылына жүздөгөн завод-фабрикаларды жана социалдык объекттерди ишке киргизип жатабыз. Ушулардын бардыгы электр энергиясын талап кылат. Ошондуктан биз дефицитти кубалап жете албай жатабыз”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Казарман ГЭСтер каскадынын курулушун 2031-жылга чейин бүткөрүү пландалганын белгиледи. Объект ишке киргизилгенден кийин, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу аяктагандан соң, Кыргызстан өзүнүн муктаждыгын толук канааттандырып гана тим болбостон, коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоочу мамлекетке айланат.

Иш-чаранын соңунда президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашты.