Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда маркум Оморов Касымалынын кызы кайрылып, атасынын өлүмү боюнча адилеттикти талап кылды.
Жарандын айтымында, 2025-жылы анын атасы, айылдык кеңештин депутаты жана төрагасы болуп иштеген Оморов Касымалы айыл өкмөттөрүнүн кошулуусу боюнча өз позициясын билдирип, мөөрүн бербей койгондон кийин басымга кабылган. Ала-Бука районуна тергөөгө алынып барганда, башына кара пакет кийгизилип, цр-токмокко калып, кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылып оор абалга жеткени айтылды.
Андан соң Жаңы-Базар ооруканасына түшүп, кийинчерээк Ош шаарына которулганда дарылоо учурунда каза тапкан. Туугандары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери бул иш боюнча ар кандай коркутууларды жана пара сунуштоо фактыларын жасаганын билдиришип, адилеттик издеп эч жерден жооп таба албай жатканын айтышты.
Президент Садыр Жапаров маселени кунт коюп угуп, башкы прокуратурага жана тиешелүү укук коргоо органдарына бул иш кайрадан катуу көзөмөлгө алынышы керектигин эскертти.
Мамлекет башчысы арыз ээсинин бардык маалыматтарын толук алып, күнөлүү тараптарды, анын ичинде УКМКнын ошол кездеги кызматкерлеринин аты-жөнүн тактап, ишти кайрадан калыс териштирип баштоону тапшырды.