Бишкек, 25.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушууда өспүрүмдөр арасындагы катаал кылмыштарга жана мыйзам бузууларга эч качан жол берилбей турганын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы менен болгон баарлашууда жергиликтүү тургундардын бири кайрылып, небереси мектепте каза тапкан чатактын чоо-жайын айтып, ишти жеке көзөмөлүнө алууну өтүндү.
Өз кезегинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул факт боюнча маалымат беришип, каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Курулуш айылында болгонун билдиришти. Алдын ала маалыматка ылайык, 11-класстын төрт окуучусу 9-класстын үч баласын туура эмес саламдашты же сыйлабай койду деген шылтоо менен мыкаачылык менен сабашкан. Натыйжада жашы жете элек өспүрүм каза тапкан. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр камакка алынды, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Президент жаштар арасындагы мындай зомбулук фактыларына кечиримсиз мамиле жасаларын эскертти.
“Мектептерде баланы сабап өлтүргөндөргө ырайым жок, башкаларга сабак болот. Сүйлөшүп бошонуп кетпесин. Биз буга катуу карайбыз. Бандит чалыш балдар мурда көп болгон. Азыр андайларды жоготтук. Эгер дагы бар болсо, абакта отуруп оңолуш керек, оңолбосо отура беришсин түрмөдө”, — деди мамлекет башчысы.