Ипотекалык турак жай курууга быйыл 400 млн доллар бөлүнөт – президент

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 12:28
1079953.47ed0b19c9412a2a33b7f36db089428d.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Ипотекалык турак жай курууга быйыл 400 млн доллар бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттын 200 млн доллары түштүк аймактарга, 200 млн доллары түндүк аймактарга бөлүнөт.

"Былтыр дагы ушундай кылганбыз. Анткени, калктын саны эки жакта тең бирдей, ошондуктан эки тарап тең бирдей өнүгүшү керек. Биз ипотекалык саясатта эле эмес, бүтүндөй акча бөлүштүрүүдө ушундай теңме-тең бөлөбүз", - деди мамлекет башчысы.