Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө ипотекалык батирлүү болот

Президент 27 февраль 2026 12:57
Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө ипотекалык батирлүү болот
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Быйыл жыл аягына чейин 20 миңге жакын үй-бүлөгө ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырабыз, - деди президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде.

"Биздин максат — ар бир кыргызстандык үй-бүлө өз үйүндө ыңгайлуу шартта жана Кыргызстандын жаркын келечегине ишеним артуу менен өмүр сүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү болуп саналат", - деди ал.

Президент быйыл ипотекалык турак жайларды курууга 400 млн доллар бөлүнө турганын кошумчалады.