Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Нарын районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн сапатсыз жолдор маселесине токтолду.
Анда аймакта жолдор жаңыланып жатканы менен сапаты начар экени айтылган.
Президент жол курулушундагы мындай кемчиликтердин негизги себебин акыркы 30 жыл ичинде мамлекет өзү жол салбай, жолчулар жол салууну унутуп калышканы менен түшүндүрдү.
"Эгемендүүлүк алгандан бери 30 жыл бою мамлекет өзү жол салган эмес. Жол куруу иштерин дайыма жеке тараптарга, түрк же кытай компанияларына берип келгенбиз. Совет доорунда ар бир райондо Жол эксплуатациялоо башкармалыктары болуп, аларда асфальт басууга чейинки бардык керектүү техникалар бар эле. Алар бир райондун жолун өздөрү эле салып коюшчу. Ал эми Транспорт министрлиги 30 жыл бою асфальт баспай, бул жумушту такыр унутуп калыптыр", - деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы алгачкы аракеттерде кемчиликтер болгонун моюнга алды. Алгачкы жол салуу тажрыйбасы мындан үч жыл мурун Ала-Арча капчыгайында башталганын, бирок техника менен каражат бөлүнүп берилгенине карабастан, жумушчулардын тажрыйбасыздыгынан улам жол түз эмес, толкун болуп калганын белгиледи.
"Азыр райондорго заманбап техникаларды алып берип жатабыз. Жумушчулар эми-эми оңолуп, тажрыйба ала башташты. Бара-бара жол курууну жеке фирмаларга же чет өлкөлүктөргө бербей, толугу менен өзүбүз салууга өтөбүз. Мындай учурда жумушчулардын айлыгы, күйүүчү май, битум жана шагыл гана мамлекеттин эсебинен каржыланат. Ал эми жеке фирмалар кошо турган үстөк пайда мамлекеттин казынасында калат. Биз ушул багытка акырындап бара жатабыз. Албетте, буга толук жетиш үчүн дагы 5-6 жыл убакыт керек. Азыр тажрыйбанын жоктугунан начар салынган жолдор болушу мүмкүн, аны моюнга алышыбыз керек. Бирок көч бара-бара түзөлөт демекчи, учурда кыйла жакшы басып калышты", - деп кошумчалады президент.
Өлкө башчысы жолдордун сапаты алдыда дагы көзөмөлдө болорун жана ата мекендик адистердин тажрыйбасы убакыттын өтүшү менен жогорулай турганын айтты.