Президент Бишкекке жакын айылдардын таштандылары заводго ташыларын айтты

Коом
Президент Бишкекке жакын айылдардын таштандылары заводго ташыларын айтты
copyright icon www

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Ысык-Ата районуна караштуу Гагарин айылынын тургуну президенттен таштанды полигонунан чыккан түтүн жана жагымсыз жыттан улам жашоо кыйындап жатканын айтып, маселени чечип берүүнү өтүндү.

Бул тууралуу мамлекет башчысынын Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда айыл тургуну беш жылдан бери таштанды полигонуна байланыштуу тиешелүү органдарга арыз менен кайрылып келишкенин, бирок маселе чечилбей жатканын билдирди. Анын айтымында, полигондон күн сайын түтүн чыгып, жагымсыз жыт тарайт. Мындан улам айыл тургундарынын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жаралып, айрымдары башка жакка көчүп кетүүгө аргасыз болууда.

Президент Садыр Жапаров жооп берип жатып, Бишкек шаарында да таштанды маселеси көп жылдардан бери чечилбей келгенин, таштанды иштетүүчү завод ишке берилгенден кийин түтүн маселеси жоюлганын айтты.

Мамлекет башчысы Бишкекке жакын жайгашкан райондордун таштанды маселеси да чечилерин белгилеп, тургундарды дагы бир аз сабыр кылууга чакырды.

“Бишкек 100 жыл түтөп келди. Бир жыл мурун таштанды иштетүүчү заводду ишке бердик. Азыр түтүн жок. Эми силердин айылга да жетебиз, чыдай тургула. Кант шаарына салбасак дагы, келерки жылы силердин таштандыңардын баарын заводго алып барып төгөбүз. Мындан ары айылдарда, шаарларда таштанды талаада калбайт”, — деди Садыр Жапаров.