Президент бүгүн элге кайрылуу жасайт

Коом 30 сентябрь 2025 11:05
Президент бүгүн элге кайрылуу жасайт
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 30.09.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн элге кайрылуу жасайт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, кайрылуу түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.

"Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда түз эфирде элге кайрылуу жасайт.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу УТРК, ЭлТР жана башка телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында көрсөтүлөт.

Түз эфирдин башталышы – 21.00",-деген ал.