Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жумгал районунун тургундары менен жолугушууда Байзак айылынын тургуну Жийдегүл Кенжешова мамлекет башчысына түз кайрылып, жетим калган неберелеринин көйгөйүн көтөрдү.
Анын айтымында, кызы менен күйөө баласы каза болгондон кийин, ал үч баланы кичинекейинен бери өзү багып келет. Жергиликтүү бийлик органдарына жана президенттин администрациясына жер тилкесин алуу боюнча бир нече ирет кат жолдогонуна карабай, маселе узак убакыт бою чечилбей келет.
Учурда балдардын улуусу 20 жашта жана Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Студент небереси борбор калаада батир жалдап жашап жатканын, ал эми алган жөлөк пулу (7 миң сом) эч нерсеге жетпей турганын айтып, үй салуу үчүн жер тилкесин берүүнү суранды.
Кайрылууну уккан соң, өлкө башчысы бул маселени жеке көзөмөлүнө аларын билдирип, студент балага Бишкек шаарынан турак үй берүүнү убадалады.
"Студент балаңызга Бишкектен бир бөлмөлүү батирди кезексиз бергенге менин укугум бар. Ушул жай айларында берилип калат", – деди президент.