Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалары жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.
Райондун акими Мухтар Шербаев мамлекет башчысына акыркы жылдары ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлор, калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жана районду мындан ары өнүктүрүү пландары тууралуу презентация жасады.
Презентациянын жыйынтыгын чыгарып жатып, президент Садыр Жапаров сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн дээрлик 1 млрд сом талап кылынарын белгиледи. Мамлекет башчысы акыркы жылдары республиканын көптөгөн райондоруна инфраструктураны жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө олуттуу каражаттар, анын ичинде 1 млрд сомго чейин бөлүнгөндүгүн баса белгиледи.
Буга байланыштуу мамлекет башчысы келерки жылы республикалык бюджеттен Ат-Башы районуна 1 млрд сом өлчөмүндө кошумча каржылоо караштырууну тапшырды.