Президент "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин курулушун баштап берди

Президент 1590 08 Август 2025 14:03
529694535_24125997887041792_647074935493254075_n.jpg
530275919_24320715897548424_8485780896002665241_n.jpg
528748463_24320715120881835_3464860729459985431_n.jpg
528752918_24320717104214970_5355937792602075141_n.jpg
528801000_24320722140881133_6197229119873826703_n.jpg
528801314_24320721484214532_5589146135401916892_n.jpg
528825192_24320722817547732_5536883749453723546_n.jpg
528844462_24320716287548385_4086582840190412850_n.jpg
528856886_24320720987547915_1863261737300671937_n.jpg
528858030_24320718817548132_1655594417984522379_n.jpg
528941509_24320719514214729_1470706231433271206_n.jpg
529004210_24320715280881819_1974311064610889034_n.jpg
529124074_24320722094214471_1032002754903537130_n.jpg
529161746_24320719354214745_2287047264082909536_n.jpg
529182524_24320718804214800_8361349126708082081_n.jpg
529231734_24320721350881212_6766514534811415164_n.jpg
529249644_24320717164214964_2808130820962851557_n.jpg
529294534_24320722644214416_3533561425937833262_n.jpg
529308209_24320718947548119_8300152604322703416_n.jpg
529311587_24320720004214680_1043552097638899053_n.jpg
529347838_24320717710881576_5462472925325540915_n.jpg
529348422_24320716254215055_847036630807037043_n.jpg
529348772_24320714714215209_50717445793616794_n.jpg
529424832_24320716390881708_2862737117317042413_n.jpg
529433747_24320717587548255_8932426711024260606_n.jpg
Алдыга
Артка
529694535_24125997887041792_647074935493254075_n.jpg
530275919_24320715897548424_8485780896002665241_n.jpg
528748463_24320715120881835_3464860729459985431_n.jpg
528752918_24320717104214970_5355937792602075141_n.jpg
528801000_24320722140881133_6197229119873826703_n.jpg
528801314_24320721484214532_5589146135401916892_n.jpg
528825192_24320722817547732_5536883749453723546_n.jpg
528844462_24320716287548385_4086582840190412850_n.jpg
528856886_24320720987547915_1863261737300671937_n.jpg
528858030_24320718817548132_1655594417984522379_n.jpg
528941509_24320719514214729_1470706231433271206_n.jpg
529004210_24320715280881819_1974311064610889034_n.jpg
529124074_24320722094214471_1032002754903537130_n.jpg
529161746_24320719354214745_2287047264082909536_n.jpg
529182524_24320718804214800_8361349126708082081_n.jpg
529231734_24320721350881212_6766514534811415164_n.jpg
529249644_24320717164214964_2808130820962851557_n.jpg
529294534_24320722644214416_3533561425937833262_n.jpg
529308209_24320718947548119_8300152604322703416_n.jpg
529311587_24320720004214680_1043552097638899053_n.jpg
529347838_24320717710881576_5462472925325540915_n.jpg
529348422_24320716254215055_847036630807037043_n.jpg
529348772_24320714714215209_50717445793616794_n.jpg
529424832_24320716390881708_2862737117317042413_n.jpg
529433747_24320717587548255_8932426711024260606_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда "Ала-Тоо Резорт" ири тоо-лыжа кластеринин курулушуна старт берди.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Кадырман калайык-журт, кымбаттуу мекендештер!

Кыргыз элинин сыймыктуу аксакалдары жана ардактуу меймандар!

Бүгүн биз касиеттүү Ысык-Көлдүн табияты көркөм Жыргалаң өрөөнүндө тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калчу дагы бир кубанычтуу күндүн күбөсү болуу үчүн чогулуп олтурабыз. Себеби мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү “Ала-Тоо Резорт” аталышындагы ири туристтик тоо-лыжа комплексинин курулушунун расмий баштаганы турабыз.

“Ала-Тоо Резорт” – жөн гана комплекс эмес, улуттук экономикабыздын көтөрүлүшүнө олуттуу салым кошо турган, элдин турмушуна жаңы дем болуучу, дүйнө жүзүнө кыргыз жеринин табиятын таанытып, ата мурасын даңазалай турган чоң ири долбоор.

Буюрса, “Ала-Тоо Резорт” – төрт мезгилде тең иштей турган, эл аралык стандарттарга жооп берген, Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири тоо-лыжа жана экотуризм кластерине айланып, бүткүл Кыргызстанды бага турган курортко айланат. Себеби бул жактан түшкөн таза киреше республикалык казынага түшүп турат. Анткени бул курортту мамлекеттин өз күчү менен куруп жатабыз. Азырынча Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак аймактарын камтыган бул долбоорду көл кылаасынын тургундары гана билсе, максатыбыз ишке ашкандан кийин ал дүйнө жүзүнө белгилүү туристтик аймакка айланат.
Кудай буюрса, жакында Караколдон бери карай ушул жерге чейин 4 тилкелүү жол башталат. Кийинки жылдын күз айларына чейин толук асфальтталып бүтөт. Ушул жерге чейин жетет. Андан тышкары Каракол аэропортунан бул жакка чейин кайра артты көздөй тик учактар уюштурулуп, өзүбүздүн жарандарга жана чет элден келген туристтерге ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Бүгүнкү саамалыктын урматтуу катышуучулары!

Бул өңүттөгү ири демилгени мамлекетибизде биринчи жолу ишке ашырууга бел байлап жатканыбызды белгилеп кетейин. Буга чейин эл арасында ушундай кооз жаратылышыбыздын мүмкүнчүлүктөрү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайдаланылса деген тилектер көп эле айтылып келген. Тилекке каршы, демилге көтөрүп, аны ишке ашырууга эч ким аракеттенген деле эмес.

Эми буюрса, бул долбоор элдин ишеними менен мамлекеттик колдоонун айкалышынын далили катары жүзөгө ашырылмакчы. “Ала-Тоо Резорт” эл ишенген өнүгүүнүн пайдубалы болоруна үмүтүм чоң!

Элибиз байыртан эле жаратылыш менен жуурулушуп жашап келген. Табиятты урматтап, ага аяр мамиле кылуу – биздин адат-салтыбызга сиңип, жашоо образыбызга айланып, дүйнө тааным, маданиятыбыз – баары табият менен айкалыша калыптанган.

Ошондуктан биз жөн гана эс алуу жайын куруп эле тим болбостон, ата-бабалардан өтүп келаткан мурасты жаңылап, келечек муундарга пайдасы тийе турган таберик кылып өткөрүп берүүнү көздөп жатабыз.
Касиеттүү Ысык-Көл өрөөнү жалпы кыргыз журтчулугунун сыймыгы, ынтымактын, ырыс-кешиктин белгиси катары түбөлүккө сакталып калышы абзел. Акылдын кени болгон даанышмандар: Калыгул олуя, Арстанбек акын, атагы Ала-Тоого угулган жети аке жана башкалар нарк-насил менен кошо эл-жерге адилет, аяр мамиле кылууну насыяттап келген болсо, биз бул улуу ойчулардын айткан аманаттарын ыйык сактаган муун катары тарыхта калалы. Анын бир мисалы дал ушул көз жоосун алган жаратылышыбыздын асылдыгын алыска тааныта турган “Ала-Тоо Резорт” ири долбоору болуп калмакчы.

Урматтуу мекендештер!

Аталган долбоорубуз толук ишке ашканда:
• Жалпы узундугу 250 кмге жакын лыжа трассасы курулат;
• 4 км узундуктагы заманбап аркан жолдор ишке берилет;
• Автоунаа токтотуучу 4000 жай, этношаарча, ден соолукту чыңдоочу борборлор, конок жайлар курулат;
• Жылына эки миллионго чейин туристти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жаралат;
• 5000ге жакын туруктуу жумушчу орду пайда болот.

Бул – жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү каражаттын, жаштар үчүн Мекенинде иштеп калууга өбөлгөнүн, жүздөгөн үй-бүлөлөр үчүн бакубат жашоонун булагы болуп калат деп ишенем.

Дагы бир айта кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын 15–18-июль күндөрү Жыргалаң аймагындагы жаңыдан түптөлө турган туристтик шаарча үчүн 49 жер тилкеси ачык аукцион аркылуу сатууга коюлуп, анын ичинен 14 объект өз ээлерин тапты. Жеңүүчүлөрдүн бардыгы мекенибиздин келечегине ишенген, атуулдук деми бийик кыргызстандыктар экени мени абдан кубандырды.

Буюрса, ак кар-көк муз баскан Ала-Тообуздун атына заты төп келген, төрт мезгилди камтыган курорт коңшу мамлекеттерге гана эмес, жалпы Борбор Азия чөлкөмүнө атаандаш боло ала турган, эл аралык деңгээлдеги эс алуу жайы болот.

Кудай буюрса, эмдиги жылы 1-фазасын берип, декабрь айында Жыргалаң 1-фазасында лыжа тебүү боюнча ишти ачабыз. Конокторду, чет өлкөлүктөрдү, өзүбүздүн жарандарды кабыл алабыз деп турабыз.

Албетте, курулуш иштери эл аралык экологиялык стандарттарга шайкеш жүргүзүлөт. Курорт табигый кар менен кошо жасалма кар жаадыруу ыкмасы аркылуу жылдын жети айында эс алуучуларга тынымсыз кызмат кылат.

Натыйжада экология менен экономика айкалышкан, адамдын жан дүйнөсү жапайы жаратылыш менен жуурулушкан чыныгы эс алуу жайынын заманбап үлгүсүн жаратабыз.

Урматтуу мекендештер!

Учурдан пайдаланып, жалпы кыргызстандыктарга кайрыла кетейин. Баарыбыз бир муштумдай биригип, бул ири долбоорду жалпы элдик ишке, улуттук долбоорго айланталы.

Баарыбыз Кыргызстандын жаркын келечегине жакшы үмүт-тилек менен карап, Жараткан ыроологон керемет жерибизге урмат-сый менен мамиле кылалы. Ата-баба мурасын аздектеп сактайлы. “Ала-Тоо Резорт” дагы элибиздин эртеңкисине, өлкөбүздүн өрүш алышына бүгүнкү аракеттерибиздин бир мисалы болушу керек!

Келгиле, улуу кыргыз элинин урпактарына жарашкандай иш кылалы, улуу мүдөөлөрдү көздөп, бийик максаттарга жетели. Бул тоо-курорт кластери жаратылышка жакындыкты, коомдук жана улуттук ынтымакты, жарандардын эс алуу маданиятын даңазалаган символ болуп калсын.
Сөзүмдүн соңунда эл-журтубузга ийгилик, тынчтык жана биримдик каалайм!
Эмгек ар дайым даңкталсын!
Келечекте мындан да чоң долбоорлорду баштап, зор ийгиликтерге жетели.
Жараткан кыргыз элин жалгасын!
Жерибиз тынч, элибиз аман, мамлекетибиз күчтүү болсун!”