Президент: Айыл чарба багытындагы жерлерге үй курууга болбойт

Коом
Президент: Айыл чарба багытындагы жерлерге үй курууга болбойт
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жарандарды жер тилкесин сатып аларда анын максаттуу багытын жакшылап текшерип, мыйзамсыз курулуштарга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сокулук районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда тургундардын бири мамлекет башчысына кайрылып, 2016-жылы Шопоков шаарынан сатып алган жер тилкелерине байланыштуу көйгөйдү айтып берди.

Анын айтымында, болжол менен 30 адам жер тилкелерин сатып алышкан. Бирок кийинчерээк ал жерлер айыл чарба багытындагы жерлер экени аныкталган. 2017-жылы соттун чечими менен алардын айрымдарына курулган үйлөр буздурулуп, натыйжада балдары бар үй-бүлөлөр турак жайсыз калган.

Арызданган тургун жарандар жер тилкелеринен да, аларга жумшаган каражаттарынан да ажыраганын белгиледи. Ал эми жерди саткан адам соттолуп, камакка алынган.

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү жер тилкелери айыл чарба багытындагы жерлерге киргенин, айыл өкмөтү ал жерлерге турак үй курууга уруксат бербегенин түшүндүрдү.

Президент Садыр Жапаров жарандарды жер сатып алууда этият болуп, анын максаттуу багытын алдын ала текшерүүгө чакырды.

“Айыл чарба багытындагы жерлерге үй курууга болбойт. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү, алардын кайрылууларын кабыл алып, ипотека аркылуу турак жай менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн карап көргүлө. Ал эми жер айыл чарба багытында калышы керек”, — деди мамлекет башчысы.