Президент: 2 жылда окуучулар акысыз китеп менен камсыздалат

Коом
Президент: 2 жылда окуучулар акысыз китеп менен камсыздалат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда алдыдагы эки жыл ичинде 1-класстан 12-класска чейинки окуучулар окуу китептери менен толук камсыздалып, аларды сатып алуу зарылдыгы жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчилерден болуп өткөнүн белгиледи.

“Дүйнө жүзү 12 жылдык билим берүү системасында окуйт. Бул жагынан бул реформага макул болушуңар керек.
Окуу китептерин басып чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүү боюнча жарлык чыгаргам. Эки жылдын ичинде мектептерди толугу менен китеп менен камсыздайбыз. Бир дагы ата-эне китеп сатып албайт. Баарын акысыз кылабыз”, — деп кошумчалады Садыр Жапаров.