2025-жыл, 10-сентябрь, шаршемби күнү Бишкекте кыргызстандык новатор, визионер жана келечектин архитектору Akural Technologies компаниясынын негиздөөчүсү Искембаев Азамат Жакыпович “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде маалымат жыйын өткөрөт.
Маалымат жыйында новатор жана визионер өзүнүн фундаменталдык ачылыштары тууралуу кеңири айтып берет. Ачылыштар төмөнкү үч багытта болот.
- Жаңы муундагы энергия нейтралдуу сактоо
- Akural эсептөө технологиясы
- Маалыматты үч өлчөмдүү куб катары кароочу Гипотеза.
Бул ачылыш эсептөө жана маалымат топтоо жөнүндөгү түшүнүктөрдү өзгөртөт. Маалыматтарды энергия коротпой сактап, иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Технологиянын практикалык жүзөгө ашкан формасы — Akural Cube. Akural Cube интеллектуалдык инструмент катары теңдешсиз комбинациялардын санын камтыйт. Ошол эле учурда ааламдын модели, акыл машыктыргычы жана илим үчүн жаңы платформа болуп саналат.
Маалымат жыйынында ачылыштагы бир нече тармак боюнча Нобель сыйлыгына, ошондой эле математикадагы Абель сыйлыгына көрсөтүү пландары да тууралуу сөз болот.
Бишкек, «Кабар» агенттиги
Саат 11:00, 10-сентябры, 2025-жыл