Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда порнографиялык мазмундагы сайттарды бөгөттөө боюнча мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзам кантип ишке ашарын Санариптик өнүгүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү түшүндүрүп берди.
Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрага орун басары Азамат Асановдун айтымында, мыйзамга ылайык, порнографиялык элементтери бар сайттарга кирүүгө тыюу салынат.
Мыйзам боюнча негизги жооптуу орган — Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги болот. Бул министрлик интернеттеги сайттарды көзөмөлдөп, эгер мазмуну порнографиялык болсо, аларды бөгөттөө чечимин кабыл ала алат. Мындан сырткары, мыйзамдын негизинде ким эмне кылат жана кандай жоопкерчилиги бар экени боюнча дагы толук тартип жазылышы керек.
Азамат Асановдин билдирүүсү боюнча, Маданият министрлиги маданият жана маалымат багытында мамлекеттик саясатты жүргүзгөндүгү үчүн керектүү учурда сайтты бөгөттөөгө укуктуу. Ар бир жаран же уюм министрликке кайрылып, интернеттен кайсы бир сайтты көрүп, анда порнографиялык мазмун бар экенин билдире алат.
“Эгер чындап эле кайсы бир сайт мыйзам бузганы аныкталса, министрлик расмий чечим чыгарып, бул чечимди Санариптик өнүгүү министрлигине жөнөтөт. Андан соң, министрлик ал чечимди байланыш операторлоруна өткөрүп берет. Операторлор өздөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ошол сайтка кирүүнү чектеп коёт. Мыйзамда бул милдеттүү түрдө аткарылышы керек деп жазылган", — деди Азамат Асанов.