Поезддин айнегин талкалаган өспүрүмдөр. Милиция окуянын чоо-жайын аныктады

Коом 3 сентябрь 2025 15:48
541806707_812994364720131_1271508909066914003_n.jpg
541059481_812994368053464_4754132963312345677_n.jpg
541839609_812994374720130_4034580562026522615_n.jpg
Алдыга
Артка
541806707_812994364720131_1271508909066914003_n.jpg
541059481_812994368053464_4754132963312345677_n.jpg
541839609_812994374720130_4034580562026522615_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Бишкек-Кайыңды каттамындагы поездди таш менен урган бейбаштык факты аныкталды. Бул тууралуу Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-августта белгисиз адамдар тарабынан Бишкек–Кайыңды багытында бара жаткан жүргүнчү поездине таш ыргытып, анын айнеги талкаланган. Окуя Жайыл районунун аймагында катталган.

Бул факты боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө иликтөө иштери жүргүзүлүп, ыкчам-иликтөө аракеттеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери күбөлөрдөн көрсөтмөлөрдү алып, аймактагы видео байкоо камераларынын жазууларын талдашкан.

Натыйжада окуяга тиешеси бар үч жашы жете элек бала – 2011, 2014 жана 2015-жылы туулган өспүрүмдөр экени аныкталды. Алар Жайыл районунун тургундары экендиги маалым болду.

Балдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу курагына жете элек болгондуктан, милиция тарабынан алардын жана ата-энелеринин катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди. Ошондой эле, өспүрүмдөрдүн ата-энелерине карата КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде административдик протоколдор түзүлөт.